Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 19-апрели № 46
"Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 378-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьяда:
а) 1-бөлүгү "беш жылдан кем эмес жашаган," деген сөздөрдөн кийин "соттуулугу жок," деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Иштерди кароодо аксакалдар сотторунун мүчөлөрү иш стилиндеги кийимди кийүүлөрү зарыл.";
2) 11-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "алардын аткаруу органдары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги тексттин 5-бөлүгү "Бир почта" деген сөздөрдөн кийин "дареги" деген сөз менен толукталсын;
3) 29-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статья. Акчалай жазапулдарды бөлүштүрүү