Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 1-июну № 77
2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө-мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |