Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 1-июлу № 96
2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-АSIЕ/2015/038-149) программасы боюнча Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чындоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-АSIЕ/2015/038-149) программасы боюнча Финансылык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа бирлигине ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |