Редакцияот 02.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 2-июлу № 98

2015-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2015-жылдын 2б-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуу шарттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев