Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 9-июлу № 110
2005-жылдын 8-июлунда Вена шаарында кабыл алынган Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө 1979-жылдын 26-октябрындагы конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2005-жылдын 8-июлунда Вена шаарында кабыл алынган Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө 1979-жылдын 26-октябрындагы конвенцияга түзөтүү ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) катчылыгына Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кабыл алынган Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө 1979-жылдын 26-октябрындагы конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |