Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 19-июлу № 123
2015-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Бирлигинин ортосундагы: МС4.01/14 - Орто Азиядагы CRIS № NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку тобокелдиктеги уран калдыктарын сактоочу аянттарды башкаруу жана ремедиациялоо боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Бирлигинин ортосундагы: МС4.01/14 - Орто-Азиядагы CRIS № NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку тобокелдиктеги уран калдыктарын сактоочу аянттарды башкаруу жана ремедиациялоо боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа Бирлигине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |