Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 27-июлу № 150
2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган экинчи протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган экинчи протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |