Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 30-июлу № 157
2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторун түзүүнүн тартиби жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторун түзүүнүн тартиби жана алардын иши жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |