Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 8-ноябры № 176
2016-жылдын 12-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2016-жылдын 12-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |