Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-ноябры № 184
2015-жылдын 5-сентябрында Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 5-сентябрында Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ирандык тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |