Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 15-декабры № 200
2015-жылдын 15-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2015-жылдын 15-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |