Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 17-декабры № 211
2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |