Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 28-декабры № 219
2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болууларынын тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болууларынын тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте россиялык тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |