Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 28-декабры № 220
2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбооруна (№ КҮR-0052 долбоору) тийиштүү Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбооруна (№ КҮR-0052 долбоору) тийиштүү Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги белгиленген тартипте Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |