Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 29-декабры № 225
2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Жашы жетпегендерди алардын туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө 2002-жылдын 7-ноябрындагы макулдашууга карата Аткаруу протоколун ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө 2002-жылдын 7-ноябрындагы макулдашууга карата Аткаруу протоколу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитети болуп саналган депозитарийге көрсөтүлгөн Аткаруу протоколунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин-күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |