Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 24-февралы № 34
Пробация жөнүндө
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 12-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Пробациянын максаттары жана милдеттери
1. Коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, пробациянын кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, алардын жаңы укук бузууларды жасоосун эскертүү пробациянын максаттары болуп саналат.
2. Пробациянын милдеттери:
1) коомдон обочолонтууга байланышпаган жазык жазаларын жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте аткаруу;
11) укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жаза чараларынын түрлөрүн аткаруу;
2) белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу (мындан ары - эркиндигинен ажыратуу) түрүндө жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга, ошондой эле жазаны аткаруусу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
3) жүрүм-турумду түзөө, укукка баш ийген жашоо ыңгайын калыптандыруу;
4) пробациянын кардарынын ким экендигин иликтөө, социалдык-психологиялык портретти түзүү;
5) пробациянын кардарларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу;
6) пробациянын кардарын жабырлануучу менен жараштыруу;
7) пробациянын кардарлары тарабынан укук бузуулардын жасалышын алдын алуу;
8) социалдык жана реабилитациялык программаларды ишке ашырууну координациялоо;
9) тескери мүнөздөлүүчү пробациянын кардарларынын башка пробациянын кардарларына терс таасир этүүсүн жокко чыгаруу;