Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗА-АТКАРУУ КОДЕКСИ
2017-жылдын 31-январы № 17
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилет)
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 15-майындагы № 62, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 24-июлундагы № 147, 2024-жылдын 7-августундагы № 161, 2025-жылдын 11-январындагы № 2, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. ЖАЗА АТКАРУУ МЫЙЗАМДАРЫНЫН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жаза аткаруу мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция), жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негизденет.
2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери жаза аткаруу мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
3. Эл аралык уюмдардын жазаларды аткаруу жана соттолгондорго мамиле кылуу маселелери боюнча сунуштамалары (декларациялары) зарыл социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөр болгондо жаза аткаруу мыйзамдарында ишке ашырылат.
4. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен, эгерде мыйзамда мындайлар каралбаса, соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөө белгилениши мүмкүн эмес.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр