Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 27-апрели № 63
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы № 161, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) коопсуз жер - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн пикиринде бул адамдын өмүрүнө же ден соолугуна кооптуулук болбогон аймак же жай;
2) консультациялык-алдын алуу борбору (кризистик борбор) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык-психологиялык, ошондой эле укуктук, медициналык жардам көрсөтүүчү уюм. Консультациялык-алдын алуу борборунун алдында баш калкалоо жайы түзүлүшү мүмкүн;
2-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин ишин координациялоо - ыйгарым укуктуу органдын системалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн түзүүгө жана камсыз кылууга, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча макулдашылган жана туруктуу механизмди колдоого алууга багытталган иши;
2-2) оңдоп-түзөөчү программа - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программа;
3) убактылуу коргоо ордери - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата ушул Мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ;
3-1) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү - бул үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин кызматташууга, коммуникацияга жана маалымат алмашууга негизделген жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган системалуу биргелешкен иши;
3-2) тобокелдиктерге баа берүү - үй-бүлөлүк зомбулуктун улануу же кайталанып жасалуу, аны жасаганда оор жана өзгөчө оор кесепеттердин, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өлүмүнүн келип чыгуу мүмкүндүгүнө баа берүү;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу - үй-бүлөлүк зомбулук жасалган үй-бүлө мүчөсү же үй-бүлө мүчөсүнө теңештирилген адам, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам;
5) этибарсыз мамиле - үй-бүлө мүчөлөрүнө же үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдарга камкордук көрүү боюнча милдеттерин атайылап аткарбоо, ченемдүү жашоо жана өнүгүү үчүн зарыл болгон тамак-аш, турак жай жана башка шарттар менен камсыз кылуу укуктарын чектөө, медициналык жардам алууга тоскоолдук кылуу, балдардын дене бой, психологиялык, экономикалык муктаждыктарын ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) канааттандырбоосу, аларды коркунучтан коргобоо, балдардын негизги жалпы билим алууга болгон укуктарын чектөө, эгерде ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) мүмкүнчүлүгү жана аны алууга жеткиликтүүлүгү болуп туруп, балдардын медициналык жардам алуусу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди көрбөөсү;
6) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу - үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын сактоону камсыз кылууга багытталуучу чаралар;
6-1) куугунтуктоо - адамдын эркине каршы ага багытталган, анда өз коопсуздугу үчүн коркунучту туудурган, куугунтук жасаган адам менен бөлөк жашаган учурда түз же кыйыр байланышууларды, иштеген, окуган, турган, жашаган жерлерине барып турууну демилгелөө аркылуу билдирилүүчү атайылап жасалган жүрүм-турум;
7) үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамга же балага, же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамга жана эмгекке жарамсыз же жашы жете элек адамдын түздөн-түз өзүн багууга колдоо көрсөтүүчү адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда тургандардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан жарандардын коргоо деңгээлин жогорулатууга, үй-бүлөлүк-тиричилик чөйрөсүндө укук бузуулардын санын жана кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо коркунучун түзүүчү жана аны жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоого, жоюуга багытталган социалдык, укуктук, медициналык, психологиялык, агартуучулук, экономикалык, маалыматтык жана башка чаралардын тутуму;
8-1) түз жана кыйыр байланышуулар - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын өзү сыяктуу эле, анын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен башка адамдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу телефон (чалуулар, билдирүүлөр) жана/же электрондук байланыш (мессенджерлер, электрондук почта, социалдык тармактар) аркылуу дене бойго жакындоо, байланышуу же байланышуу аракеттери;
9) психологиялык зомбулук - кемсинтүү, жүрөк заада кылуу, шылдыңдоо, чочутуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун кайсы гана болбосун түрү менен коркутуу, коркутуу аркылуу адамды анын укугуна кирген кандайдыр бир аракеттерди жасоого же жасабоого мажбурлоо, өмүргө коркунуч туудурган же психикалык, дене бой саламаттыгынын бузулушуна алып келүүчү укук бузууларды же жосундарды жасоого мажбурлоо, жашы жеткен адамдардын пикир алышуу, анын ичинде балдар менен пикирлешүү укугун чектөө, адамдын өзүнө таандык документтерди пайдалануу укугун чектөө, анын ичинде документтерди жок кылуу, бузуу же жашыруу жолу менен чектөө;
10) үй-бүлөлүк зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, куугунтуктоосу, ошондой эле этибарсыз мамилеси;
11) социалдык кызмат - уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү жана жардам берүүчү уюм, мекеме;
12) баш калкалоо жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн убактылуу жашап туруу борбору) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга коопсуз, убактылуу жашап туруу жайын берүүчү уюм. Баш калка жайлар аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө уюштурулат;
13) дене бой зомбулугу - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга түздөн-түз же кыйыр түрдө атайылап дене бой аркылуу таасир этүүсү, жашоо үчүн маанилүү функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн, тамак-аштан, турак жайдан, кийимден ажыратуу же чектөө, ары-бери жүрүү эркиндигинен ажыратуу же чектөө, оор кара жумушка мажбурлоо;
14) үй-бүлө мүчөлөрү - жубайлар, ата-энелер жана балдар, чоң энелер/чоң аталар, таяталар/таянелер, неберелер, камкорчулар/көзөмөлчүлөр жана камкордукка алынгандар, бала асырап алуучулар жана асырап алынгандар, багып алган ата-энелер жана багууга алынган балдар, мыйзамда белгиленген тартипте балдарды тарбиялоого алган башка адамдар, мурдагы жубайлар, өгөй энелер/өгөй аталар жана өгөй балдар, бир туугандар (толук же аталаш/энелеш), иш жүзүндөгү тарбиялоочулар алар бирге жашаган фактыга карабастан жана иш жүзүндөгү тарбиялануучулар;
15) экономикалык зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүн/ага теңештирилген адамды багуу боюнча милдеттерин атайылап аткарбоосу, ошондой эле адамды ага мыйзам боюнча таандык болгон мүлктү же кирешелерди алуу же тескөө укугунан атайылап ажыратуу же чектөө жана/же ишенимдүү адамдын мүлктү же кирешелерди ишеним көрсөтүүчүгө зыян келтирүү менен пайдалануусу анын эмгекке болгон укугуна, кесипти жана иштин түрүн тандоо эркиндигине тыюу салуу же чектөө;.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)