Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-апрели № 69

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 30-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 30-статьянын 5-бөлүгүндө "ушул Кодекстин 238-статьясын" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2134, 238-статьяларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 2134-статьяда:

а) экинчи абзацында "жүз" деген сөз "беш жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруу шарттарынын сакталбашы, -

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге жана Евразиялык экономикалык бирлигинин укугуна кирген башка документтерге ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларына Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууну жүзөгө ашырууга (кооптуулардан тышкары) жол берилет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 16-майында № 59 (2784) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев