Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 24-майы № 87

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 26-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

287-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүү үчүн ченемдердин чектеринде пайдалануучу адамдар этил спиртин атайын пайдалануучулар болуп саналат, алардын тизмеги жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 6-июнунда № 67-68 (2792-2793) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Ш. Атамбаев