Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 25-майы № 92
2016-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кара-Суу шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Борбордук Азия үчүн ЕБ Инвестициялык фондунун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын, Кара-Суу шаарынын мэриясынын жана "Кара-Суу Таза-Суу" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 13-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2016-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кара-Суу шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Борбордук Азия үчүн ЕБ Инвестициялык фондунун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын, Кара-Суу шаарынын мэриясынын, "Кара-Суу Таза-Суу" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-июнунда № 69-70 (2794-2795) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |