Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 19-июлу № 128
Электрондук колтамга жөнүндө
2017-жылдын 15-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткарууда, ошондой эле юридикалык маанилүү аракеттерди жасоодо электрондук колтамганы пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамилелердин айрым түрлөрүндө (шайлоону даярдоо жана өткөрүү, жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, банк операцияларын жүзөгө ашыруу, бухгалтердик эсептерди жүргүзүү жана башка) электрондук колтамгаларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет:
1) электрондук колтамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан, атынан маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;
2) колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты - күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген жана колтамга текшерүү ачкычы колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсине таандык экенин тастыктаган электрондук документ же кагаз түрүндөгү документ;
3) колтамга текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (мындан ары - квалификацияланган сертификат) - аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун ишенимдүү адамы, же болбосо башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу, электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы тарабынан берилген колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты;
4) колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты берилген адам;
5) колтамга ачкычы - электрондук колтамганы түзүүгө арналган символдордун уникалдуу ырааттуулугу;
6) колтамга текшерүү ачкычы - колтамга ачкычы менен бир мааниде байланышкан жана электрондук колтамганын аныктыгын текшерүүгө (мындан ары - электрондук колтамганы текшерүү) арналган символдордун уникалдуу ырааттуулугу;