Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-июлу № 129
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 15-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 340-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууда маалыматтык технологияларды пайдаланууну кошкондо, колдонулган каражаттарга карабастан ошол маалымат менен иштегенде пайда болгон мамилелерге жайылтылат.";
б) 2-бөлүк "күчү" деген сөздөн кийин ", эгерде жеке мүнөздөгү маалымат субъекттеринин укуктары бузулбаса, анда" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-статьяда:
а) онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - жеке маалыматтарды иштеп чыгууну ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүүнү, жеке маалыматтардын субъекттеринин (субъекттердин) укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, Жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды камсыз кылуу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.";
б) он бешинчи абзацтагы "адамдын ар кандай" деген сөздөр "ушул Мыйзамда каралган формада адамдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын: