Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июлу № 151

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 28-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 73-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статья "Курманжан Датка"," деген сөздөрдөн кийин "Даңк", "Достук"," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 3-статьяда ", "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн", "Кайрымдуулук үчүн" ("За благотворительность"), "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда")" деген сөздөр алып салынсын;

3) 4 жана 5-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 90 (2815) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев