Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 2-августу № 165
Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө
(КР 2018-жылдын 3-майындагы № 44, 2020-жылдын 25-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 21-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам дары каражаттарын жүгүртүү субъекттеринин ишинин укуктук негизин түзөт, Кыргыз Республикасында дары каражаттарын жүгүртүүгө карата бирдиктүү талаптарды белгилейт, ошондой эле дары каражаттарын иштеп чыгууга, аларды клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөргө, өндүрүүгө, даярдоого, алардын сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун баалоого, дары каражаттарын сатууга жана аларды жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка аракеттерге байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулуусу, баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, баңгизаттык жана психотроптук дары каражаттарын жүгүртүүгө жайылтылат.
3-берене. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: