Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 2-августу № 166
Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө
(КР 2018-жылдын 3-майындагы № 44, 2020-жылдын 25-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун предмети
Медициналык буюмдарды өндүрүүнүн, даярдоонун, сактоонун, сатуунун, утилизациялоонун натыйжалуулугун, коопсуздугун камсыз кылуу максатында медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелер Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналат.
2-берене. Медициналык буюмдар жөнүндө мыйзамдар
1. Кыргыз Республикасынын медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) косметикалык продукцияга;
2) коргонуунун жеке каражаттарына;
3) адамдын канына жана анын компоненттерине, адамдын канынан жасалган продукттарга;
4) адамдан алынган ткандарды, клеткаларды, канды жана анын компоненттерин камтыган же аларды колдонуу менен даярдалган медициналык буюмдарга;
5) жаныбарлардан алынган жансыз ткандардан же болбосо аларды пайдалануу менен даярдалган медициналык буюмдарды кошпогондо, жаныбарлардан алынган, трансплантациялоого арналган жандуу ткандарга жана клеткаларга.