Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 16-февралы, № 22

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

2018-жылдын 10-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

16-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

"Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетимдүү окуу жүктөмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков