Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 23-октябры № 91
1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата кошумча айырмалоочу эмблеманы (III Протокол) кабыл алууга тийиштүү 2005-жылдын 8-декабрындагы Кошумча протоколго кошулуу жөнүндө
2018-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата кошумча айырмалоочу эмблеманы (III Протокол) кабыл алууга тийиштүү 2005-жылдын 8-декабрындагы Кошумча протоколго кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата кошумча айырмалоочу эмблеманы (III Протокол) кабыл алууга тийиштүү 2005-жылдын 8-декабрындагы Кошумча протоколго кошулуу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Швейцариялык Федералдык Кеңешке депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |
|
|
|
|