Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 31-октябры № 93
2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 27-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 6-ноябрындагы N 92 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |