КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 5-декабры № 98
2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 1-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 11-декабрындагы N 101 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |