Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 13-декабры № 101
2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
2018-жылдын 14-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 18-декабрындагы N 103 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |