Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 13-декабры № 103
2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун статусу жөнүндө 1992-жылдын 6-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
2018-жылдын 14-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун статусу жөнүндө 1992-жылдын 6-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол төмөнкүдөй эскертме менен ратификациялансын:
"Кыргыз Республикасы КМШ Экономикалык Сотунун ишин каржылоого тиешелүү мезгилге республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде катышат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 18-декабрындагы N 103 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |