Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 22-декабры № 106
2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зонаны куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2018-жылдын 22-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зонаны куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сауд тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 25-декабрындагы N 105 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |