Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 24-декабры № 108
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 22-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, № 937-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бажы алымы - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын бирдиктүү эсебине чегерилүүгө жана бөлүштүрүүнүн белгиленген ченемдерине ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүлүүгө жаткан, товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланыштуу жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган башка учурларда бажы органдары тарабынан алынуучу милдеттүү төлөм;";
б) үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 2-беренеде:
а) биринчи абзацында "жана Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо" деген сөздөр алып салынсын;
б) бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 4-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринин, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорунун негизинде" деген сөздөр "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган талаптарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Тарифтик жеңилдиктер
Тарифтик жеңилдиктердин түрлөрү, аларды берүү тартиби жана учурлары 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирүүчү айрым эл аралык келишимдердин жана 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын жоболоруна ылайык аныкталат.";
6) 8-беренеде: