Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 11-январы № 2
2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштукка башка мүчө-мамлекеттин аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууда Евразия экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттин биринин жарандары менен өндүрүштө болгон кырсык учурларын териштирүүнүн тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 6-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштукка башка мүчө-мамлекеттин аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууда Евразия экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттин биринин жарандары менен өндүрүштө болгон кырсык учурларын териштирүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-январы № 3 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |