Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 22-январы № 8
2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору) ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 27-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор кыргыз тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-январындагы N 5 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |