Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 23-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу
2018-жылдын 13-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 48911956,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 46462637,7 миң сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 2449318,3 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилсин.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-январында N 5 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |