Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 23-январы № 16
2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2018-жылдын 20-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Убактылуу макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-январындагы N 6 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |