Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 5-апрели № 44
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 20-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
48-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун, суу пайдалануучуларга жеңилдиктерди белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндөгү" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 35-беренедеги "сууларды пайдаланууга укук берген лицензияларда белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 39-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
3) 41-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер менен уюмдар бошотулат.
Суу пайдалануучулар жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөн бошотулат:
- кайра жаралуучу энергияны кошуп алганда, сууну электр энергиясын иштеп чыгаруу максатында пайдаланууда;
- сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды сугаруу, белгиленген лимиттин чектеринде балык көбөйтүү жана өстүрүү максатында пайдаланууда;
- сууну үй жаныбарларын жана короо-жай участогун сугаруу үчүн пайдаланууда;