Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 12-апрели № 45
Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 86, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддорду түзүүнүн жана ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) кепилдик фонд - акционердик коом формасында түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) эсептик каттоонун жол-жобосунан өткөн жана кепилдик ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
2) кардар - жекече эмгектенген же ишкердик иш менен алектенген, финансы-насыялык уюмда/эл аралык финансылык уюмда коммерциялык каржылоо, бюджеттик насыялоо алган юридикалык жак же жеке жак, же бир бөлүгү кепилдик менен камсыз кылынган ипотекалык каржылоо же мамлекеттик программанын/долбоордун алкагында каржылоо алган жеке жак - Кыргыз Республикасынын жараны;
3) (КР 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) (КР 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) кардардын милдеттенмелери - финансы-насыялык уюмдан/эл аралык финансылык уюмдан алынган каржылоонун алкагында пайда болгон жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүчү милдеттенмелер;
6) кепилдик - берилген кепилдиктин суммасынын чегинде каржылоо келишимдери боюнча кардардын негизги карызы боюнча милдеттенмелердин бөлүгүн аткаруу үчүн кепилдик фонддун финансы-насыялык уюмдун/эл аралык финансылык уюмдун алдында жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси;
7) кепилдик иши - кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү жана кепилдиктерди берүү жолу менен финансы-насыялык уюмдардын/эл аралык финансылык уюмдардын насыялык тобокелдиктеринин бир бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш;
8) кепилдиктерди берүү саясаты - кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү, кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын, кепилдик инструменттеринин түрлөрүн, кепилдиктерди берүүнүн принциптерин, кардарлардын милдеттенмелерин тандоонун критерийлерин жана талаптарын, ошондой эле тараптардын кепилдигинин амортизациялоо шарттарын жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү документ;
9) кепилдик инструменттери - каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу кепилдиктердин ар кандай формаларынын жана түрлөрүнүн жыйындысы;
10) финансы-насыялык уюмдар - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аларга берилген лицензияларынын (күбөлүктөрүнүн) негизинде банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу банктар, банктык эмес финансы-насыялык уюмдар, ошондой эле кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы жана бюджеттик насыялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган;
101) эл аралык финансылык уюмдар - мамлекеттер аралык (эл аралык) макулдашуулардын негизинде түзүлүүчү, Кыргыз Республикасында каржылоону жүзөгө ашыруучу жана кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн уюмдар;