Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 26-февралы № 31
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 16-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) үчүнчү абзацы алып салынсын;
б) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кургак учукка каршы жардам - кургак учук менен ооругандарды аныктоого, изилдөөгө, дарылоого, байкоого жана реабилитациялоого багытталган жана амбулатордук же стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүдө жүргүзүлүүчү социалдык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын жыйындысы;";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"кургак учук - кургак учуктун микобактериясы козгоочу жугуштуу оору.";
2) 2-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "жана башка ченемдик укуктук актыларда" деген сөздөр ", саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында" деген сөздөр алып салынсын;