Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 26-февралы № 30
2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
2019-жылдын 23-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казак тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-мартында N 15 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |