Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 24-апрели № 55
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 20-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу жана жазаларды аткаруу;
- компетенциясынын чегинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана ушул чөйрөдөгү контролдоо-уруксат берүү чараларын жүзөгө ашыруу.";
2) 6-статьяда "эл-аралык укуктук макулдашуулар жана келишимдер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац жана 1-4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ички иштер органдары (кызматкерлери) өз компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) инсандын жана коомдун коопсуздугун жана коргоону, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылууга;
2) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды табууга, алдын алууга, бөгөт коюуга жана бетин ачууга, алар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоого;
3) жазык иштери боюнча жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;
4) кылмыштарды жана жоруктарды жасаган, сотко чейинки өндүрүш органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн, жазыктык жазаны өтөөдөн качып жүргөн, дайынсыз жоголгон адамдарды, ошондой эле издеп табуу ички иштер органдарына жүктөлгөн башка адамдарды издеп табууга;";
б) 5-пунктта "укук бузуулардын" деген сөздөр "кылмыштардан, жоруктардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-пунктта "кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган" деген сөздөр алып салынсын;