Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 24-апрели № 52
Бажылык жөнгө салуу жөнүндө
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68, 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Бажылык жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор
-берене. Бажылык жөнгө салуу жана бажы иши. Бажылык жөнгө салуунун укуктук негиздери
1. Бажылык жөнгө салуу - бул Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы (мындан ары - бажы чек арасы) аркылуу товарларды өткөрүү, алардын Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында (мындан ары - бажы аймагы) же анын чегинен тышкары туруусунун жана анын пайдаланылуусунун тартибин жана шарттарын, товарларды бажы аймагына алып келүүгө жана бажы аймагынан алып чыгууга, товарларды убактылуу сактоого, аларды бажылык декларациялоого жана чыгарууга байланышкан бажы операцияларын, башка бажы операцияларын жүргүзүү тартибин, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө жана бажы контролун жүргүзүү тартибин белгилөөгө байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуу, ошондой эле бажы органдарынын жана бажы аймагында же анын чегинен тышкары товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ишке ашыруучу адамдардын ортосундагы укуктук мамилелерди регламенттөө.
2. Бажы иши бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерди жана актыларды (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар) жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын сактоону камсыз кылуучу каражаттардын жана методдордун жыйындысын билдирет.
3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси (мындан ары - Кодекс) жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар менен жөнгө салынбаган бажылык укук мамилелерин, Кодекске ылайык жөнгө салынуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу бажылык укук мамилелерин, ошондой эле бажы органдарынын ишин уюштурууну жана камсыз кылууну регламенттөөчү укуктук мамилелерди жөнгө салат.
Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуунун укуктук негизин 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим (мындан ары - Бирлик жөнүндө келишим), Кодекс, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар, ушул Мыйзам жана кабыл алынышы Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылар түзөт.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Мыйзамда камтылган эрежелерден башкача эрежелер белгиленсе, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери (нормалары) колдонулат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Бажы аймагы
Бажы аймагын Кыргыз Республикасынын аймагы, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын аймактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан, аларга карата Кыргыз Республикасы өзгөчө юрисдикцияга ээ болгон курулмалар, түзүлүштөр жана башка объекттер түзөт.
3-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу мезгили
Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары алар күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат жана эгерде Кодексте жана ушул Мыйзамдын 44-главасында башкача белгиленбесе, артка карай күчкө ээ болбойт.
4-берене. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалымат берүү
Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалымат берүү Кодекстин 3-беренесине ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-берене. Мөөнөттөрдү эсептөө
Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген, убакыттын мезгили же болбосо жагдайдын келип чыгышы менен аныкталган мөөнөттөрдүн башталышын жана аякташын аныктоо Кодекстин 4-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
6-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) тыюу салуулар жана чектөөлөр - бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата колдонулуучу, Бирлик жөнүндө келишимге ылайык бир тараптуу тартипте киргизилген чараларды кошо алгандагы тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, техникалык жөнгө салуу чаралары, санитардык, ветеринардык-санитардык жана (же) карантиндик фитосанитардык чаралар, эксперттик контролдоо чаралары, анын ичинде аскердик жана (же) кош арналыштагы продукцияга карата чаралар жана Бирлик жөнүндө келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген радиациялык талаптар;
2) почта байланышынын дайындалган оператору - Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигине мүчө өлкө тарабынан расмий дайындалуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин актыларына ылайык почталык байланыш кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуучу жак;
3) ата мекендик жактар - юридикалык жакты түзгөн жана түзбөгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле жеке жактар-резиденттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер катары катталгандар;
4) бажы органдары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бажыканалар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу ведомстволук башка бөлүктөр;
5) бажы төлөмдөрү - бажы органдары тарабынан Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте алынуучу бажылык алым, салыктар, бажылык жыйымдар.
2. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка түшүнүктөр Бирлик жөнүндө келишимде, Кодексте жана ушул Мыйзамда аныкталган маанисинде колдонулат.
3. Эгерде Кодексте башкача каралбаса, анда ушул Мыйзамда пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын түшүнүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү тармактарында пайдаланылган маанисинде колдонулат.
7-берене. Бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын жана Кыргыз Республикасынын бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана салык мыйзамдарын колдонуу
1. Бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүдө, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача каралбаса, бажы декларациясы жана башка бажы документтери катталган күнгө карата колдонуудагы бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулат.
2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн товарларга карата, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, товарлар бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күнү колдонууда болгон бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана актылары, салык мыйзамдары колдонулат.
Эгерде товарлар бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күн белгиленбей калса, Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, бузуулар табылган күнү колдонууда болгон бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана актылары, салык мыйзамдары колдонулат.
3. Бажы декларациясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өзгөчөлүктөрүн колдонуу менен эки же андан ашык товарга декларация берилген учурда, товарларга биринчи декларация катталган күндөгү бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, салык мыйзамдары колдонулат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо
1. Товарлар Кодекстин 7-беренесинин жана ушул берененин жоболорун эске алуу, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт жана (же) бажы жол-жоболоруна жайгаштырылат.
2. Тарифтик эмес жөнгө салуу, анын ичинде бир тараптуу тартипте киргизилген чараларды жана техникалык жөнгө салуунун чараларын Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) актылары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө сактоону ырастоо учурлары жана тартиби Бирлик жөнүндө келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Экспорттук контролдоо чараларын, анын ичинде аскердик жана (же) кош арналыштагы продукцияларга карата чараларды сактоо ушундай чаралардын сакталгандыгын ырастоочу документтерди жана (же) маалыматтарды берүү жолу менен, экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте ырасталат.
Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик, фитосанитардык чаралардын жана радиациялык талаптардын сакталышы санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, радиациялык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун натыйжалары боюнча, Бирлик жөнүндө келишимде жана Комиссиянын ага ылайык кабыл алынган актыларында белгиленген тартипте жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ырасталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Бажы документтери
1. Бажы органына берилген бажы документтери мамлекеттик жана расмий тилде толтурулат.
Кыргыз Республикасынын аймагында толтурулуучу жана Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин (мындан ары - мүчө-мамлекет) бажы органдарына көрсөтүлүүгө тийиш болгон бажы документтери бажы операцияларын жүргүзүүдө расмий тилде толтурулат.
2. Бажы документтеринде код түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Комиссия тарабынан бекитилген классификаторлорду пайдалануу менен көрсөтүлөт.
3. Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык электрондук документ түрүндөгү бажы документтеринин структурасы жана форматы Комиссия тарабынан аныкталган учурларды кошпогондо, электрондук документ түрүндөгү бажы документтеринин структурасы жана форматы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
4. Кодекстин 8-беренесинин 5-пунктунда белгиленген учурда, бажы документтеринин формаларын толтуруу тартиби жана (же) бажы документтерине өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
5. Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда каралбаган бажы документтери, мындай бажы документтеринин формалары, бул формаларды толтуруунун, мындай бажы документтерине өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-глава. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, аларга бажы аймагында же анын чегинен тышкары ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө жөнүндө жалпы жоболор
10-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү
1. Бардык жактар товарларды Кодексте белгиленген же Кодекске ылайык тартипте жана шарттарда бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө бирдей негиздерде укуктуу.
2. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана ушул Мыйзамга ылайык бажылык контролдоого жатат.
11-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер
1. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда жүзөгө ашырылат.
Товарлардын айрым категориялары бажы чек арасы аркылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өткөрмө пункттарында гана өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнүн башка жерлерин белгилеши мүмкүн.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн башка жерлердеги бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерден башка жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн болгон товарлардын айрым категориялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ушул берененин жоболору куурдук транспорт жана электр өткөрүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө колдонулбайт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-берене. Бажы органдарына алдын ала маалыматтарды берүү
1. Алдын ала маалыматтарды берүүнүн максаты болуп товарларды бажы аймагына алып келгенге чейин тобокелдиктерди баалоо жана объекттерди, бажы контролунун формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды тандоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу үчүн, бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө пландалган товарлар жөнүндө маалыматтарды бажы органдарынын алуусу саналат.
Алдын ала маалымат бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү жана бажы контролун оптималдаштыруу үчүн пайдаланылат.
2. Алдын ала маалымат, Кодекстин 11-беренесине ылайык, ушул берененин жоболорун эске алуу менен бажы органдарына берилет.
3. Алдын ала маалымат бажы органына, жактын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Алдын ала маалымат аны ташуучу, же болбосо Кодекстин 82-беренесинин 4-пунктунда, 83-беренесинде, 88-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн башка жактар тарабынан бажы органына берилген учурдан тартып юридикалык мааниси бар фактылар жөнүндө күбөлөндүрүүчү юридикалык жактан маанилүү маалымат болуп калат.
Алдын ала маалыматка кирүүчү берилип жаткан маалыматтар анык жана документ түрүндө ырасталган маалыматка негизделүүгө тийиш.
Алдын ала маалыматта көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн жактар жоопкерчилик тартат.
4. Бажы органы берилген алдын ала маалыматты каттоодон өткөрөт же Комиссия тарабынан аныкталуучу тартипте жана мөөнөттө аны каттоодон баш тартат.
Бажы органы алдын ала берилген маалыматты ага каттоо номерин ыйгаруу жолу менен каттоодон өткөрөт.
Эгерде берилген маалымат Комиссия тарабынан аныкталган курамга, структурага жана форматка жана (же) ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган талаптарга туура келбесе, бажы органы алдын ала маалыматты каттоодон баш тартат.
Алдын ала маалыматтын каттоо номерин көрсөтүү менен аны каттоо жөнүндө маалымат же болбосо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен аны каттоодон баш тартуу жөнүндө маалымат алдын ала маалыматты берген жакка электрондук формада жөнөтүлөт.
5. Алдын ала маалыматтар Кодекстин 11-беренесинин 12-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде бажы органдарынын маалыматтык системаларында сакталат.
6. Милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон алдын ала маалымат берилбегенде же аны берүү мөөнөтү сакталбаганда, товарларды декларациялоого байланышкан бажы операциялары алдын ала маалымат берилгенге чейин жүргүзүлбөйт.
7. Алдын ала маалыматтар Кодекстин 11-беренесинин 15-пунктунун 1-7-пунктчаларында аныкталган товарларга карата, ошондой эле Комиссия тарабынан аныкталган учурларда башка товарларга карата берилбеши мүмкүн.
Алдын апа маалымат куурдук транспорт же электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата берилбейт.
8. Бажылык декларациялоо Кодекстин 114-беренесинде аныкталган өзгөчөлүктөр менен жүзөгө ашырылуучу товарларга карата электрондук документ түрүндө берилген бажы декларациясында билдирилген маалыматтар, Комиссия тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте алдын ала маалымат катары пайдаланылышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо
Товарлар Кодекстин 12-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 8-беренесинде белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт.
14-берене. Бажы аймагында же анын чегинен тышкары аймакта товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө
1. Бажы аймагына алып келинген товарлар бажы чек арасынан өткөндөн кийин жана бажы органдары чыгарганга чейин, аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө Кодекстин 14 жана 16-главаларында, ал эми айрым категориядагы товарларга карата - Кодекстин 37-431-главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүндө белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
2. Товарлар аларды бажы органдары чыгаргандан кийин бажы аймагында же анын чегинен тышкары аймакта аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө товарлар жайгаштырылган бажы жол-жобосуна ылайык же бажылык декларациялоого жана (же) бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан чыгарууга жаткан товарлардын айрым категориялары үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
3. Бажы аймагынан ташып чыгыла турган товарлар ташып кетилүүчү жерге келгенден кийин аларга бажы чек арасынан өткөнгө чейин ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө Кодекстин 2 жана 15-главаларында, ал эми товарлардын айрым категорияларына карата Кодекстин 37-43-главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүнд белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)