Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 15-майы № 61
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 4-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө";
2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана алардын багуусунда турган алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн укуктук, социалдык жана башка кепилдиктерди, алардын ар-намысын жана аброюн коргоо формаларын жана ыкмаларын белгилейт жана мамлекет башчысынын ишмердигин камсыз кылууга багытталган.";
3) 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекеттин башчысы, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамы болуп саналат.";
4) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестиги
Кыргыз Республикасынын Президенти, аны кызматтан четтетүү учурун кошпогондо, кол тийбестик укугуна ээ. Эч бир адам, эч кандай мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестигине кол салуучу чараларды көрүүгө же аракеттерди жасоого укуксуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле аны кызматтан четтетүү учурун кошпогондо, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестиги ал ээлеген турак жана кызматтык жайларга, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивдерге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Президенти аны кызматтан четтеткенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентинин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун корутундусу менен бышыкталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган кылмыш жасагандыгы жөнүндө айыптоонун негизинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн.