КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 28-майы № 67
2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2019-жылдын 18-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 31-майындагы N 46 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |