КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 20-июну № 74
"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 16-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1040-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 4-бөлүгүндө:
а) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) төмөнкүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү:
а) имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчеттордун;
б) имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча сертификацияланган адистердин.
Ушул пунктта каралган мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;";
б) 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 7-беренеде:
а) "Имараттарды" деген сөз "1. Имараттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында адистерди квалификациялык сертификациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
3) 8-беренеде:
а) "Имараттардын" деген сөз "1. Имараттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;