Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 20-июну № 75
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 8-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 597-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы "Жаныбарларды" деген сөздөн кийин "жана жаныбарлардан алынган азыктарды" деген сөздөр менен толукталсын;
2) Мыйзамдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам жаныбарларды, ошондой эле жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо, каттоо, байкоо жүргүзүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат, жаныбарларды идентификациялоонун уюштуруучулук, укуктук жана финансылык негиздерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын аймагында бул ишти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги принциптерин белгилейт жана идентификацияланган жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар жөнүндө так маалыматтарды алууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган.";
3) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) идентификациялоо үчүн көмөкчү материалдар - аппликатор, чиптер үчүн инъекторлор, идентификациялоо каражаттарын эсептөөчү түзүлүштөр (сканерлер);
2) топтук идентификациялык номер - чарба жүргүзүүчү субъекттин бир түрдөгү идентификацияланган жаныбарларынын тобуна ыйгарылган, аларды өндүрүштүк пайдалануунун аралыгында топту таратканга жана жойгонго чейин алмашылбаган номер;
3) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - идентификацияланган жаныбарлар, алардын кыймылы, ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы тууралуу маалыматтарды эсепке алуунун маалыматтык-талдоо тутуму;
4) жаныбарлар - айыл чарбасындагы, үйдөгү, зоопарктагы, цирктеги, лабораториядагы жана жапайы жаныбарлар, ошондой эле териси баалуу айбанаттар, канаттуулар, балыктар, аарылар, фаунанын башка түрлөрү, инкубациялык жумурткалар, уруктандырылган икра, өндүргүчтөрдүн уругу жана эмбриондор;
5) жаныбарларды идентификациялоо - жаныбарды окшоштуруу процесси, башкача айтканда жаныбардын жашын, жынысын, өңүн, тукумун жана башка зарыл параметрлерин аныктоо;
6) жеке идентификациялык номер - идентификацияланган жаныбарга визуалдык, электрондук жана аралаш маалыматтык каражаттарды пайдалануу менен ыйгарылуучу, анын өмүрүнүн аягына чейин алмаштырылбай турган жана жаныбардын бир түрүнүн чегинде кайталангыс болуп саналган номер;
7) жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо - анын олуттуу белгилери менен жаныбарлардан алынган азыктардын мүнөздөмөлөрүнүн окшоштугун белгилөө;