Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 26-июну № 76
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 20-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 3-пунктта:
биринчи абзац "персондоштуруу менен байланышкан" деген сөздөрдөн кийин ", буга Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук типтеги паспортторунун жана Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнүн бланктары кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац "жана Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "улуттук үлгүдөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнө байланышкан. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
2) 3-беренеде:
а) он тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"демпингдик баа - жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга берүүчү (подрядчы) тарабынан сунуш кылынган, айрым сатып алуучу уюм тарабынан пландалган сатып алуулардын суммасынан мамлекеттик сатып алуулардын бардык усулдарына 20 пайыздан ашыкка төмөн болгон баа;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы элүү үчүнчү абзац менен толукталсын:
"эки пакеттүү ыкма - эки этапта өткөрүлүүчү конкурсту бир этаптык усул менен өткөрүү жол-жобосу: биринчи этапта конкурстук табыштамалардын сатып алуучу уюмдун квалификациясына жана техникалык талаптарына ылайык келүүсүнө баа берүү жүзөгө ашырылат жана экинчи этапта эң аз бааланган нарк боюнча жеңүүчүнүн аныкталышына баа берүү жүзөгө ашырылат.";
3) 6-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сатып алуучу уюм түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары саясый мамлекеттик, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар жана алардын жакын туугандары болуп саналган берүүчү (подрядчы) менен сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактык макулдашууну түзө албайт.