Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-июлу № 86
2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2019-жылдын 26-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашууга № 1 кошумча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |